www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык Facebook жана Google компаниялары АКШдагы шайлоодон бир жума өткөндөн кийин жоюлушу пландаштырылган саясий жарнамаларга тыюу салууну жашыруун узартышты.
Google рекламага тыюу салуу анын интернет кызматтарында дагы деле күчүндө экендигин тастыктады. Ал тыйуу салуу качан алына турганын корпорация тактаган жок.
Фейсбуктун билдирүүсүнө ылайык, саясий жарнама боюнча тыюу салынган чаралар дагы деле күчүндө. Компания муну "шайлоодон кийин боло турган башаламандыктардан коргоону камсыз кылуу" максатында жасалган иш-чара деп тактады. Айрым фейсбук жарнамачылар тыюу салуунун узартылышы жөнүндө аларга кабар берилбегенин билдиришти.
Эске салсак, буга чейин Америка президенттигине шайлоо болуп, анда Трамп менен Джо Байден башкы каарман катары ат салышкан. Азыркы учурда шайлоо аяктап, Джо Байден АКШнын жаңы президенти катары белгилүү. Бирок, шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон Трамп, көптөгөн шайлоо участкаларын сотко берүүдө. Буга байланыштуу, Трамптын тарапташтары митингге чыгып, өлкөдө башаламандык күчөөдө.
Булак: NazarNews.kg