www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид Ниязов абактан бошотулдубу?

Бишкек шаардык сотунда Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаардык сотунда "Октябрь окуяларында баш аламандык уюштурган" деп айыпталып абакта отурган саясатчылар Фарид Ниязов, Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралган. Отурумдун соңунда сот Фарид Ниязовду абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматовду үй камагына чыгаруу чечими чыкты. Жеңиш Молдокматов сот залынан бошотулса, Асанов ага карата козголгон башка иштер боюнча абакта калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости