www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажикстандын депутаттарын согуш талаасына чейин барып, жыйынга араң чогулткам”, - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-вице-президент, генерал Феликс Кулов.

--“Мен согуш болуп жатканда Тажикстанга бир канча жолу бардым. Катуу согуш болуп жаткан жерлерине, Афганистан-Тажикстандын чек арасына чейин барганга туура келди. Ал жактан карапайым тажик элдерине жолуктум, аябай кыйналган адамдарды көрдүм. Сүйлөштүм, армандарын айтышты. Себеби ошол убактагы президент Аскар Акаев мага тапшырма берген. Тажикстандагы тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө активдүү иштерди жүргүздүк. Тажикстандын депутаттарын, министрлерин чогултуп, жыйында биздин тынтчтыкты орнотуу, элдештирүү жана кызматтарды бөлүштүрүү боюнча планды тааныштырышым керек эле. Тилекке каршы баары ар кайсы жакта согуш талаасында жүрүшүптүр. Анан мен ар бир депутатка, министрге тик учак менен бардык согуш болгон аймактарга чейин барып, жыйынга келгиле деп чакырып жүрдүм. Ошентип 3-4 күндө араң жыйынга чогулушту. Кыргызстандын эки тараптын биригүүсүн жана бийликти, мамлекеттик кызматты бөлүшүүсү тууралуу программа менен тааныштырдым. Баарына аябай жакты, колдошту. Кийин аракетибиз ишке ашып, Эмомали Рахмон менен тажик оппозициясы биригишти”, - дейт Кулов.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости