www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндөгү» мыйзамды ишке ашыруу боюнча президенттин тапшырмасынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйындын жүрүшүндө 62 преференциалдык чек ара конуштарынын тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилээри айтылды. Арзыбек Кожошев белгилегендей, февраль айынын экинчи жарымында министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт.
«Министрлер кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрөт. Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев жана 15-февралга карата бардык ченемдик-укуктук актылар министрлер кабинетинин көчмө жыйынында бекитүү үчүн даяр болушу керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg