www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филипп Киркоров «кара тизмеге» киргизилди

Австралия өкмөтү дагы бир жолу Украинаны колдой турганын жарыялап, санкцияга кабылган орусиялык жарандар менен уюмдардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын 55 жараны жана 37 уюмдан турган тизмеде Федерация Кеңешинин жана Мамлекеттик Думанын депутаттары, Орусиянын бир катар облустарынын жетекчилери, артисттер, мекеме-ишканалардын жетекчилери бар.

Белгиленгендей, чектөөлөргө украиналык балдардын Орусиянын курамына кирген аймактардан мыйзамсыз депортацияланышы себеп болгон. Филипп Киркоров Донбасска барганы үчүн жазаланган деп болжолдонууда. Ал 3-февралда Донецк шаарында жайгашкан Горловкага, 16-февралда Макеевкага барган. Ырчы россиялык жоокерлер менен балдар үчүн гуманитардык жардам жана белектерди алып келген, ошондой эле үч майып аскер кызматкерине протез орнотуу үчүн акча төлөп берүүнү убада кылган.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Зеленский орусиялык атактууларга “запрет” койгондон кийин Киркоров аны шылдыңдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости