www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына сурак берип чыкты.
Боронов коронавируска каршы күрөшүү иштери боюнча күбө катары чакырылганын билдирди.
«Калган маалыматтарды айта албайм. Сотко чейинки өндүрүш иши экен», - деди ал.
Белгилей кетсек, Кубатбек Боронов суракта 5 сааттан ашык болду. Ал 11:00дө келип, 16:00дөн кийин кетти.
Эске салсак, Финполдун төрагасы Сыймык Жапыккев Кубатбек Бороновду, Алтынай Өмүрбекова жана Мухаммедкалый Абылгазиевди пандемия учурундагы бир катары иштерге байланыштуу сурак берет деп билдирген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg