www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар М. Мавлянова, Т. Тиллаев, А. Турсунбаев, Т. Зулпукаров жана А. Алтынбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Махабат Мавлянова аталган мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги документтерди берүү, даярдоо жана чыгаруу маселелерин жөнгө салууга багытталганын белгилеп: "Мыйзам долбоору аркылуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда" - деди. Буга жүйө катары, чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибиздин жарандык укуктарын коргоо багытында кабыл алынган мыйзамга жогорудагы мыйзам актыларын шайкеш келтирүү максатталганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Өкмөттүн сунуштарын эске алуу керектигин белгилеп, муну менен катар "Мекен-картта" биометрикалык маалыматтар камтылса жакшы болмок. Эгер жөн эле кагаз болуп калса, жасалма документтердин жасалышына өбөлгө түзүлөт", - деген оюн билдирди.

Ушундай эле пикирге депутат Акылбек Жапаров да токтолуп: "Өлкөнү санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткан учурда, кагаз документти көбөйтүүнүн кереги жок. Андыктан, "Мекен-картка" биометрикалык маалыматтар да киргизилиши шарт", - деп кошумчалады.

Талкуу соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости