www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден экинчи жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

АКШнын шайланган президенти Джо Байден коронавирустук вакцинанын экинчи дозасын алды. Түз эфир учурунда Байденге эмдөө жүргүзүлдү. Вакцинанын кадрлары ABC телеканалы аркылуу көрсөтүлдү.

Аны менен бирге эле ал америкалыктарга маска кийип, социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Шайланган Президент ошондой эле, «вакцинаны элге тезирээк жеткирүүнү» өзүнүн башкы милдети деп эсептей тургандыгын баса белгиледи.

Маалымат үчүн айта кетсек, 78 жаштагы саясатчы биринчи жолу 2020-жылы 21-декабрда Pfizer жана BioNTech компанияларынын вакцинасы менен эмделген.

Коронавирустук инфекция боюнча дүйнөдө АКШ биринчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, жугуштуу оору өлкөдө 23 миллиондон ашык адамдан аныкталды. Өлкөдө 385 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Эске салсак, 2020-жылы 14-декабрда АКШда коронавируска каршы массалык эмдөө башталган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости