www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мамлекеттик казынаны 280 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, аталган сумма мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштердин алкагында өндүрүлгөн.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧКсына карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллион сомдон көп өндүрүлгөн.
Азыркы убакта Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо, экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg