www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшөбүз деп жар салган. Ал үчүн атайын укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби дагы ачылган. Ал эсепке канча каражат түшкөнүн билесизби? Билбесеңиз анда маалымат үчүн окуп койсоңуз болот.

Жалпысынан 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейин андай иш чарадан 1 миллиард 700 миллион сомго жакын акча топтолгон.

Тактап айтсак, ал эсепке эң барандуу үлүштү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) – 769 миллион 92 миң сом которгон.  УКМК – 313 миллион 292 миң, Башкы прокуратура 597 миллион жана эң азы ИИМ – 7 миллион сом гана которгон. Эми топтолгон каражаттын өзүнүн сактыгы дагы суроо жаратат. Президент паракорчулардын каражатына мектеп, социалдык мекемелер курулат деди эле, көрө туралы эми.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости