www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштуулук боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Бишкектеги ЖЭБдин чыпкаларын текшерет. Бул тууралуу Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Новиков Facebook аркылуу өткөргөн түз эфиринде айтты.
"Текшерүү иштерин Мамэкотехинспекция эмес, Финансы полициясы жүргүзөт. Ачыгын айтсам, текшерүүнү объективдүү жасоодо алардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Андан сырткары, ЖЭБди газ менен иштеткенде канча чыгым кетерин эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди", — деди Новиков.
Бишкекти каптаган ыш аны да бир топ түйшөлдүрөрүн айтты.
"Тилекке каршы, бул маселени чечүүдө ар кыл кырдаалдардан улам көп нерсени өткөрүп жибердик", — деген ал.
18-декабрда Новиков ЖЭБди газ менен иштей турган системага өткөрүүнү сунуштаган. Ал абадагы зыяндуу заттардын 20 пайызы Бишкек ЖЭБине туура келерин да айткан.
Булак: NazarNews.kg