www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 10 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Бүгүн, 19-декабрга карата Индияда пандемия башталгандан бери 10 млн 4 миң 599 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 145 миң 136 киши көз жумду.

COVID-19 жуктурган адамдардын саны боюнча Индия дүйнө жүзүндө АКШдан кийинки 2-орунда турат. Ал эми коронавирустан каза болгондордун саны боюнча АКШ жана Бразилиядан кийинки 3-орунда жайгашкан.

Коронавирус эң көп аныкталган 5 өлкө:

- АКШ — 17 млн адам жуктурду;

- Индия — 10 млн адам жуктурду;

- Бразилия — 7,1 млн адам жуктурду;

- Россия — 2,7 млн адам жуктурду;

- Франция — 2,4 млн адам жуктурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости