www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь башаламандыгы эске келгенде Жапыкевдин элеси, Жапыкеевди эстегенде октябрь башаламандыгы эске түшөт. Бекер жерден Текебаев анын кухнясын Лениндин брондолгон техникасына салыштырган эмес. Жапыкеев Сыймыктын сыйгаланарына чукулдап калды, Финансы полициясын жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү. Финансы полициясы өз алдынча орган катары 2012-жылы негизделген. Сыймык Жапыкеев бул кызматты октябрь башаламандыгында Башпрокуратураны басып алгандан кийин дайындалган. Ал досунун кымбат баалуу машинасын минип барганы менен Башкы прокурор болгон жок, финполицияны башкарып «өз көмөчүнө күл тартып туруп алган соң», кийин эсине келип, эмне себептен бул кызматка келгенин эстеп, Кубанычбек Жумалиевке асыла баштаган. Бирок, УКМК ишке кирген соң гана иш жыла баштады окшойт. Жапыкеев кара пиарды жана элдин башын айлантканды жакшы көрүп, Текебаевдин мактоосуна татыктуу болгон кухнясын унутту. Адатта чиновник кызматтан алынаарда же камалаарда чыр-чатактуу көрүнүштөргө кириптер боло баштайт. Акыркы убакта финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев өгөй баладай кодуланып, чын-жалганы аралаш маалыматтардын чабуулунда жүрөт. Иштегенден да актануусу арбып, оргу-баргы ашыкча көп сөз айтып, эки анжы маанай жаратып жүрө баштады. Ошондуктан жаңы жыл алдында «Жанат» ресторанында президентке талапкерди коноктоп тайдын учасын тартканы белгилүү. Жогорку даражадагы жетекчи да ушундай кылабы? Сыягы, жаңы бийлик үчүн команда боло албасы байкалып турат. Биздин угушубузга караганда, Жапыкеев көпкө узабай кызматтан алынаары каңкууланды. Себеби, ал ушу күнгө чейин баш-аяксыз убадаларды берип эле келе жатты. Блогер сымал улам-улам соцтармактан кайрылууларды жасап. Олигархтарды «кустуруп», миллиондорду төктүрөт имиш. Кыялында кыйратып эле жатат, «виртуалдык» дүйнөдөн түшпөй, капчыгын калыңдатып жатты. Ал эми жасаган ишин карай келсең, көңүл жылытаарлык эмес. Баягы эле эски системага эрмешип алып, айгайлаган эле бир пенде. Реалдуу иштердин өтөөсүнө чыга турган, реформа жасачу кадрдын аракети мындай болбош керек эле. Тайырбек Сарпашевге окшогондорду кармап кустурам дегени менен, буга окшогон далай иштер жым-жым болуп келатат. Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюу тууралуу ликвидациялык комиссия түзүлдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын жоюу боюнча комиссиянын курамына 35 адам кирген.

Жетекчилик:

Кылычбек Абышев – Комиссиянын төрагасы, Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары;

Жоомартбек Султанов – комиссиянын төрагасынын орун басары, Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары;

комиссиянын төрагасынын орун басары, Каржы полициясынын башчысынын дагы бир орун басары (аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес).

Комиссиянын мүчөлөрү:

Сейитбек Эрматов – Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын антикоррупциялык секторунун инспектору;

Бексултан Мамытов – Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;

Кумарбек Байдылдаев – Башкы прокуратуранын Экономикалык кылмыштарга жана бажы органдарына каршы күрөшүү боюнча оперативдик, тергөө ишин көзөмөлдөө жана тергөө бөлүмүнүн башчысы;

Садыгүл Алымкулова – Мамлекеттик кадр кызматынын мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

Азамат Мамбетов – Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын аппаратынын жетекчиси;

Жибек Дүйшеева – Экономика жана Каржы министрлигинин Мамлекеттик сектордун чыгашаларын пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы;

Камил Чоткараев – Экономика жана Каржы министрлигинин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Мелис Акжигит уулу – Юстиция министрлигинин Финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Максат Эсенбаев – УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары;

Руслан Иманбеков – Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын Стратегиялык анализ жана тобокелдиктерди баалоо бөлүмүнүн башчысы;

Чолпонкул Мадьяров – Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы мамлекеттик эмгек инспектору;

Канат Рыскулов – Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мүлктүк мамилелер бөлүмүнүн башчысы;

Канат Тыналиев – Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын аудит бөлүмүнүн башчысы;

Анастасия Кокина – ЭККК штабынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы;

Жазина Рыспекова – ЭККК штабынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башкы инспектору;

Кубанычбек Масаитов – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Эльдар Фархадов – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

Индира Өмүрбекова – Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору;

Венера Сейдахматова – СССРдин Мамлекеттик күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн инспектору;

Сооронбай Идирисов – Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

Жибек Төрөбаева – СССР Мамлекеттик күзөт кызматынын кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору;

Зухра Абдырахманова – СССР Мамлекеттик күзөт кызматынын кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси;

Эмил Келдибеков – ЭККК камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик окутуу бөлүмүнүн каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Айнура Джунушева – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик окутуу бөлүмүнүн финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору;

Айжан Асанакунова – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын камсыздоо, санариптештирүү жана адистерди даярдоо департаментинин каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору;

Чыңгыз Исмаилов – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик окутуу бөлүмүнүн Санариптештирүү жана кесиптик окутуу бөлүмүнүн башкы инспектору;

Кайрат Сагынов – ЭККК камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик окутуу бөлүмүнүн Санариптештирүү жана кесиптик окутуу бөлүмүнүн инспектору;

Дилбар Сабитова-Ким – Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы;

Аскар Ишенбек – ЖАМКнын Башкы башкармалыгынын инспектору;

Мирлан Джалгасынов – СССР Мамлекеттик күзөт кызматынын Тергөө башкармалыгынын контролдоо-методикалык бөлүмүнүн башчысы;

Пахыров Айбек – СССРдин Мамлекеттик күзөт кызматынын Тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;

Азамат Осмоналиев – СССРдин Мамлекеттик күзөт кызматынын Тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү.

Жоюу комиссиясына бир катар маселелерди чечүү тапшырмасы берилгенин кошумчалайбыз. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) өкмөттүн жаңы түзүмүндө ушундай эле аталыш менен калып, бирок Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болмок. Финполициясы жоюлса, эмки кезек кимдики болду экен?

Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон токтом “Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” деп аталат. Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) да ишин ушундай эле аталыш менен уланта берет, бирок түздөн-түз өкмөткө эмес, Юстиция министрлигине караштуу болот.Экономика жана Финансы министрликтеринин базасында Экономика жана финансы министрлиги, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги, Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин ордуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги түзүлдү.

Мындан тышкары бир катар мекемелер кайра түзүлүп, аталышы өзгөртүлдү. Убактылуу алты айлык премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан. 17 статс-катчы, бир нече министрдин орун басары кыскарары, мындан мамлекет 74 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөп калары да айтылган. Айрым депутаттар кыскартуунун чыгымы да бар экенин, себеби мамлекеттик кызматкер жумушсуз калганда ага өкмөт кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болорун эскертишкен.

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган өкмөт элге ишин көрсөткүчө дагы жок дегенде алты ай талап кылынарын билдирген. ЖАМК өкмөттүн курамындагы өз алдынча мекеме катары 2009-жылы кайра түзүлгөн. Ага чейин бул система Юстиция министрлигине, бир жылдары Ички иштер министрлигине караштуу болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости