www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта Жогрку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйын учурунда депутат Бакыт Төрөбаев менен Жанар Акаев кайым айтыша кетти.
Бакыт Төрөбаев: Мен бир дагы президенттин баласы болгон эмесмин. Президенттин мага карата айтылган сындары мага даары. Аны эч уялбай, коркпой эле айтам. Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кеткен. Эл ага баа берди. Бирок, баласы атасын саткан чоң күнөө. Жанар Акаев сен ким элең ким болдуң ушуну эч качан унутпа. Сен мага кыйытып сөз айтпай жүр. Уктуңбу?
Анар Жакаев: Бакыт Төрөбаевдин чычалап жатканы жакшы. Демек, мен максатыма жеттим. Мен ошол кезде Атамбаев менен иштегениме сыймыктанам. Ал кезде канча мыйзамсыз иштер болуп жатканда силер такыр кыймылдабай, үн каткан эмессиңер. Мен сиздин ордуңузда болсом, азыр минтип эл алдына чыгып сүйлөбөйт элем. Ар бир келген президенттин этегине намаз окуп, атаңыздын татыктуу уулу боло алган жоксуз сиз!
Булак: NazarNews.kg