www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай гүлдөр аллергия кылышы мүмкүн, ширеси оозго кирсе көңүлдү айнытат. Айрымдары бөлмө ичинде турса эфир майын бөлүп чыгарып башты оорутушу мүмкүн.

Врач-фитотерапевт Андрей Степенский  букетке кандай гүлдөрдү кошпош керек экенин, кандай гүлдөрдү бөлмөгө коюу сунушталбай турганын айтты.

Адис көп адамдар тоодо, жаратылышта эс алып жүрүп ал жердеги кооз гүлдөрдү үзүп, гүлдесте жасоого кызыгышарына токтолгон. Степенский, биринчиден, алардын айрымдары аллергия кылышы мүмкүн экенин, экинчиден, арасында уулуу гүлдөр болушу ыктымалдыгын айткан. Фитотерапевт төмөнкү гүлдөрдү үзүүдө, жыттоодо абайлоо керектигин эскерткен.

"Дельфиниум. Бул гүлдү көпчүлүк короо-бакка өстүрүшөт. Анда алкалоиддер болгондуктан жыттап же оозго салганда жүрөк-кан тамыр системаларынын нервин кысып, ашказан-ичеги органдарын жабыркатат. Лютик (ширеси ачуу, уулуу, сары гүлдүү өсүмдүк – ред.) гүлү өзүнүн кооздугу менен көпчүлүктү тартат. Бирок анын ширеси уулуу болгондуктан колду күйгүзүп салат. Ал эми балдар аны үзүп, жутуп алган болсо, үзгөндөн кийин колун оозуна салса кусуп, жүрөгү айланат", – деп эскерткен адис.

Андрей Степенский бул тизмеге ландыш да кирерин айткан. Аталган гүлдүн сабагынан гүлүнө чейин уулуу. Өзгөчө анын мөмө өңдөнгөн жеринде уу көп, ал оозго кирсе адам алсыз болуп, көңүлү айнып, ал тургай галлюцинация да болушу мүмкүн.

"Бул гүл жүрөктүн согушун жайлатып, анын токтоп калышына чейин жеткириши мүмкүн. Андыктан ага тийбей эле койгон оң, бул табиятты коргоо үчүн да керек", – деген фитотерапевт кооптуу, уулуу гүлдөрдүн катарына адонис гүлүн да кошкон.

Адис белгилегендей, нарцисс гүлү да букетке кошпой тургандардын катарында. Көпчүлүк анын эч кандай зыяны жок деп ойлогону менен адам аны үзүп, колун жуубай туруп көзүн ушалай турган болсо ачыштырып, оорутуп көпкө чейин кыйнайт. Абайлай турчу гүлдөрдүн агы бири – магнолия. Анын кооздугуна суктангандар бөлмөсүнө да коюп алып, эртең менен башы ооруп ойгонот. Анткени магнолия баш ооруну шарттай турган эфир майын бөлүп чыгарат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости