www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 13-август күнү Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунда тыюу салынган диний агымдын идеялогиясын жайылтып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик агымынын материалдарын жана анын идеялогияларын өзү жашаган айылындагы коңшуларына, ошол айылда жайгашкан аялдардын намазканасында жана “Фейсбук” социалдык тармагынан да экстремисттик материалдарды жайылтып жаткандыгы боюнча маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 315-беренесинин негизинде Базар-Коргон РИИБинин КЖБРне катталып, шек жараткан кызды аныктоо менен анын аракетине туура укуктук баа берүү үчүн сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө-ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп шектүү жаран Базар-Коргон районунун тургуну 2001-ж.т. Ш.К. бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жайгашкан чет өлкөлүк эл аралык университетинин 2-курсунун студенти экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде Базар-Коргон райондук тергөө сотунан жашаган үйүн тинтүүгө уруксат токтому алынып, 2019-жылдын 16-август күнү үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, шектүүгө тиешелүү болгон шек туудурган “Хизбут Тахрир” диний агымы боюнча жазып жүргөн эки дептер, 54 даана араб тилинде жазылган баракчалар табылган. Ошондой эле көтөрүп жүргөн уюлдук телефондору текшерилип, социалдык тармактарда өзүнүн баракчасынан “Мухсинбек Мубинов” аты менен “Хизбут Тахрир” диний агымынын идеялогияларын жайылтып жүргөндүгү аныкталган. Ал аккаунттан 24 барактан турган материал көчүрүлүп алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-экспертизасына жиберилип, экспертизанын жыйынтыгында бул материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости