www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Жоробек  Мамытбеков атындагы мектепте болуп, анда жогорку класстын окуучулары жана мугалимдери менен жакындан баарлашты.

Жолугушууда негизинен депутат айым эң биринчиден эне катары окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин, дегеле учурдагы коомчулуктун тарбиялык маани-маңыздарына токтолуп, тарбиянын келечектеги үй-бүлө, өлкөбүздүн ынтымагы үчүн канчалык зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жолугушуу ачык пикирлешүү иретинде өтүп, аягында депутат айым аталган мектептин китеп фондуна баалуу адабий китептерди белек кылды.

Албетте, жолугушууда 18-ноябрь күнү болуп өткөн өкүнүчтүү окуя тууралуу да сөз болбой койгон жок. Депутат Рада Туманбаева бул тууралуу өз пикирин билдирип, аталган окуядан эч ким олуттуу жаракат албаганын, ошентсе да мындан ары мындай окуяларга жол бербөөгө окуучуларды чакырып өттү.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-ноябрында, күндүзгү саат 17:30дар чамасында аталган мектептин жогорку классынын окуучу кыздарынын ортосунда массалык мушташ болуп, ал видео соцтармактарга тарап кеткен.

Окуядан соң Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, аталган мектептин директору кызматтарынан алынышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости