www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жаштардын табити бузулду, жакшы обон жараткан жаш композиторлор жокко эсе болуп бара жатат, маани-маңызсыз ырлар коомду мите курттай жеп, табитин бузуп салды" деген сыяктуу жүрөк ооруткан сөздөрдү акыркы убакта көп угуп келебиз. Айтылгандардын чындыгы албетте бар. Чыны менен жаш ырчылардын ырларын угуп отуруп эс албай эле чарчап, башын ооруп чыкканын жашырууга мүмкүн эмес. Бирок ушундай чалды-куйду ырлардын арасында жакшы обон жаратып, өзүмдү-өзүм билем деп ырлардын сөзүнөн өйдө жаза салбаган, "чымчык сойсо да касапчы сойсун" деп сөздүн гүлүн терген акындар менен иштешип, жакшы обондору менен элге таанылып келе жаткан жаштарыбыз да бар. Алардын бири обончу, ырчы Бакыт Сейталиев. Учурда Бакыттын акын Жыпар Исабаеванын сөзүнө жазылган "Акшооланын ыры" аттуу обону ырчы Самара Каримованын аткаруусунда коомчулукка тарап, көптөгөн күйөрмандарды топтоп жаткан кези. "Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар"дегендей, элге кеңири тааныла элек Бакыттын жан дүйнөсүндө көптөгөн мыкты чыгармалар бар...

- Бакыт, "Акшооланын ырынын" обону эң мыкты болгонун элдин суйүктүү ырына айланганынан баамдадык. Аталган обондон кийин обон жазып бер деп сурангандар көбөйсө керек?

- Ооба, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, "Акшооланын ыры" учурда эки жаштын сүйүү ырына айланып бара жатат. Деги азыр көптөгөн баш кошкон жаштар махабат бийине ушул ырды тандашканы бизди кубандырат. Бул ырды угармандар а дегенде "Акшоола" телесериалы, тактап айтканда Самара Каримованын аткаруусунда таанышты. Азыркы учурда автордун өзүнүн аткаруусунда уккусу келген угармандардын суроосу менен ырды кайра өзүм дагы аткарып чыктым. Эл жакшы кабыл алууда. Бул ырыбыздын сөзүнүн автору кыргыз элине белгилүү акын, жазуучу, журналист устатым Жыпар Исабаева эжеме ыраазымын.

- Жыпар эженин көп ырына обон жаздың көрүнөт, ырчыларга берүү жөнүндө ойлонуп жатасыңбы? Дагы кайсы акындардын ырларын барактадың?

- Туура айтасыз, мен жараткан обондордун баары Жыпар эжемдин калемине таандык. Устатымдын ырлары обон чакырып турган өзгөчө ырлар экенин көп эле обончулар айтып келишет. Чыгармачылыкта, деги эле шоу дүйнөсүндө иштешели деген кесиптештерим бар. Ырчыларга бере турган ырларым көп эле. Буюрса иштешип калсак эл сынына коебуз. Жыпар эжеден башка акындардын ырларын окурман катары окуп жүрөм. Дүйнөмө туура келген чыгарма болсо албетте дагы жакшы чыгармалар жаралаар. Бирок чынын айтыш керек, учурда Жыпар эжемдин чыгармачылык дүйнөсүнөн чыга элекмин.

- Азыр ырлардын тексттеринин көбү маанисиз, маңызсыз экени баарыбызга маалым. Бул көрүнүшкө көз карашың?

- "Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" деген жакшы кеп бар. Жакшы ырларды жаратам деген обончу, ырчы сөзсүз акындар менен иштешүүсүн каалайм.

- Устаттарың жөнүндө айтып берчи...

- Алгачкы устатым ата-энем. Анткени мен жашымдан ата-энемдин аткаруусундагы ырларды угуп чоңойгом. Ата-энем комуз чертип, комуздун коштоосунда ырдачу. Алгач комузду атамдан үйрөндүм. Ал эми агам Талгат Сейталиев менин спорт жаатындагы устатым, өзү спорт чебери. Спорт жаатында да бир канча ийгиликтерге жетише алдым. Өзүм Кыргыз-түрк "Манас" университетинин театралдык өнөр бөлүмүн аяктагам. Ал жактагы актердук чеберчиликтен берген устаттарымды айта кетсем Аман Жапаров, Марат Козукеев, Жаныш Кулманбетов жана башка агай- эжейлерим. Мына ушундай ар өнөрдүн чеберлеринен сабак алып, биз да өнөрдүн улуу жолуна кадам таштап бара жатабыз.

Маектешкен Нуркыз РЫСКУЛ

Булак: "Леди.kg"

 

Последние новости