www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 14-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата “Кыргыз милициясынын 95 жылдык тарыхы” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга ИИМдин  ардагерлери Т.А.Асаналиев, С.Ж.Жоошбаев, К.О.Сатыбалдиев, М.А.Мурзакаримов жана ИИМдин КББнын, Басма сөз кызматынын, Академиянын, Бишкек шаардык ИИББнын, Чүй облустук ИИББнын өкүлдөрү  катышты.

Конференцияда саламдашуу сөзү менен окуу борбордун начальниги, милициянын полковниги К.К.Кадыркулов ачты. Андан соң  көп жылдык тарыхы бар окуу борбордун калыптанышы жана өнүгүшү тууралуу, чакан тарыхый тасма көрсөтүлдү.  Конференциянын жүрүшүндө биринчилерден болуп, ардагерлер Т.А.Асаналиев жана С.Ж.Жоошбаевдер Кыргыз милициясынын тарыхындагы эң орчундуу мезгилдерине токтолуп кызыктуу баяндама жасашты.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө,  иш-чаранын аты аталып тургандай тарых деген бул ар бир басып өткөн күнүбүз-тарых болуп саналат, ошондуктан ар бир келген жогорудагы катышуучу өкүлдөрүбүз  менен биргеликте Кыргыз милициясынын тарых барактарына көз чаптырып туруу керектиги белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости