www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот органдары Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы үй-бүлөгө каракчылык кылган деп шектелген жигиттерге карата баш коргоо чарасын узартты. 

Бул иш боюнча шектүү деп кармалга соттолуучу М.У.О, 1994-жылы туулган, орто билимдүү, эч жерде иштебейт. Иликтөө учурунда мурда сот жообуна тартылганы да белгилүү болгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (“Каракчылык”) боюнча айыпталып жатат. 25-сентябрда Кадамжай районду соту камакта кармоо мөөнөтүн узарткан. 

Ошол эле учурда, шектүүнүн адвокатынын айтымында, М.У.нун күнөөсү боюнча эч кандай далилдер жок. Куралдан манжа издери табылбагандыгы жана тергөө ишинин жүйөлөрү божомолдорго гана негизделгенин айтты. Ал баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранды.

Баткен облустук сотунун Соттук коллегиясы чечимди 13-октябрда күчүндө калтырды. Ошентип, камакка алуу чечими 30-ноябрга чейин узартылды.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 27-майдан 28-майга караган түнү М.У.О агасы жана шериктери менен (тергөө өздүгүн тактай алган жок) бирге Чаувай айылындагы үйлөрдүн бирине кирген. Алар “ДЭУ Ланос” үлгүсүндөгү унаа менен түнкү саат экилер чамасында үйгө чейин барышкан. Беткапчан жана камуфляж формасын кийген беш белгисиз жигит Үч-Коргон айыл аймагынын 43 жаштагы тургунунун үйүнө кирип, үйдөгү электр жарыгын өчүрүп салышкан.

Алар жабырлануучуларды тапанча менен коркутуп, үйдүн ээсин жана анын аялын сабашкан. Кылмышкерлер үйдө болгон эки өспүрүмдү – үй кожоюндарынын 17 жаштагы уулу жана 16 жаштагы жээнин дагы байлап салышкан. Кылмыштуу топ 9,5 миллион сом жана алтын буюмдарды тартып алып, сейфте жана сандыкта сакталган акчаларды алып кетишкен. Кылмышка шектүүлөр үч уюлдук телефон жана кроссовкаларды тоношкон. Андан кийин алар үйдөн чыгып, Lexus GX унаасынын дөңгөлөктөрүн тешип, кылмыш болгон жерден качып кетишкен.

Шектүүлөр апрель айында велосипед менен 20 чакырымдан ашуун аралыкты өтүп, каракчылык жасалган айылга барышкан. Велосипеддер дагы материалдык далил катары көрсөтүлүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости