www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу өлкөнүн ири шаарларында Кытайдын экспанциясына каршы митинг, акциялар болду. Анын жыйынтыгында 60 адам укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Кытай Нур-Султандын эң ири инвестору жана региондогу өнөктөшү. Жакын арада Пекин коңшу өлкөгө өзүнүн аймагында жайгашкан бир катар өндүрүш объектилерин, завод-фабрикаларын көчүрүп келүүнү пландап жатат. Буга нааразы эл Казакстан менен Кытайдын мындай кадамын сынга алып, көчөгө чыгышкан.

Бул акцияны казакстандык олигарх, Францияда качып жүргөн Мухтар Аблязов колдоого алган. Ал өлкөдөн 2009-жылы чыгып кеткен, 2017-жылы Алматы соту аны мамлекеттик мүлккө кол салгандыгы жана кылмыштуу топ түздү деген жүйөө менен сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости