www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Район аймагындагы базарларда, соода жайларында санитардык эрежелердин сакталышы текшерилип жатат.

Милиция кызматкерлери сатуучуларды жугуштуу оорунун жайылышын болтурбоо үчүн тиешелүү нормаларды сактоого чакырышууда. Ар бир сатуучу оорунун жайылып кетүүсүнө кайдыгер карабай, санитардык талаптарды сактап, ооруну басаңдатуу зарылдыгы айтылууда. Район аймагындагы эт сатуучу жайлар да көзөмөлгө алынып, мал жандыктарын союууда жана этин сатууда тиешелүү талаптар толук сакталуусу керектиги эскертилди.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардыжеке гигиеналык эрежелерди карманып, медициналык каражаттарды жанынаалып жүрүүгө чакырышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости