www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., Ысык-Көл облусунда 1990-жылы туулган Б.К. жана Казакстанда 1986-жылы туулган Д.В. деген жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле, Сосновка көзөмөл пунктунан маркумга тиешелүү BMW Х5 токтотулуп, кармалган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Хуфур Абдурахемандын көмүлгөн жери белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери Кочкор районуна барып, тоо тараптан маркумдун көмүлгөн денесин табышкан.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 5-октябрь күнү Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын тургуну И.З. аттуу жаран кайрылып, 1981-жылы туулган бир тууганы Хафур Абдурахеман дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, издөө иштерине колдоо көрсөтүүсүн өтүнгөн.
Аталган жаран 4-октябрь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында “Мадина” базарынан ак түстөгү (мамлекеттик номуру 03 KG260 ABJ) «BMW Х5» автоунаасы менен кеткенден кийин дайынсыз болуп болуп келген. Аталган факт Свердлов РИИББи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg