www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте мамлекеттик органдар ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, борбор калаанын тургундары, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэрлер Сухе-Батор — Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка 30 каталпа көчөтүн отургузушту.

Ошондой эле Тоголок Молдо атындагы паркта Суворов атындагы аскердик окуу жайынын алдындагы «Батор» мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн коомдук бирикмесинин өкүлдөрү 20 түп чынар жана 30 эмен көчөтүн отургузушту.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоо максатында «Элита» мамлекеттик асыл тукум станциясына 1140тан ашуун алма, өрүк жана терек көчөттөрүн отургузушту. Мындан тышкары башкармалыктын кызматкерлери аймакты тазалашты.

Ишембиликке министр Аскарбек Жаныбеков жана анын орун басарлары, ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын, «Манас», «Түндүк темир жол» жана «Түндүк-Чыгыш» бажыларынын өздүк курамы Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук кеңсесинин аймагында жана «Ден-соолук» паркында жалпы шаардык ишембиликке катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости