www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, жазма акын Молдо Нияздын 2023-жылы 200 жылдык мааракесин утурлай «Арадан эки кылым өтсө дагы, Көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары» аттуу иш чарасы өттү. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Молдо Нияз мурастары коомдук фондунан билдирди.

Иш чарага Бишкек, Ош, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларынан акындын чыгармачылыгына илим изилдөөчү илимпоздор, окумуштуулар, аалымдар жана тарыхчылар катышты.

Кеченин катышуучулары Молдо Нияздын басып өткөн өмүр жолун, жасаган жумуштарын, калтырган мурастары тууралуу терең талкуу болуп, орошон ойлорун ортого салышты.

Ошондой эле иш-чарада алдыда дагы өтө турган долбоорлор пландалып, бекитилди.

«Биз менен тыгыз байланышып изилдеген илимий окумуштууларга, тарыхчыларга, облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрациясынын башчыларына, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылык каттары тапшырылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Молдо Нияз Эрназар уулу - кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Ал 1823-жылы Ош облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак кыштагында туулган. Кашкар шаарындагы медреседен билим алып, араб, фарс жана эски түрк тилдерин билген. Нарын, Чүй, Суусамыр өрөөндөрүндө болуп, кызылсуулук кыргыздарга чейин барып чыгармаларын элге окуп берген.

Акын чыгармаларында өмүр, өлүм, адеп-ахлак, жамандык-жакшылыкка байланыштуу турмуштук-философиялык темаларга токтолуп, Кокон хандыгынын аймагындагы кыргыздар баштан кечирген тарыхый окуяларды чагылдырып, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу журт башылардын ишмердиги тууралуу жазган.

Молдо Нияз 1896-жылы дүйнөдөн кайткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости