www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Абдыганы Эркебаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин ассамблеясы улуттар аралык ынтымак жаатындагы маанилүү институттардын бири болуп саналат жана бул багытта Президенттин Аппараты менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, ал учурда улуттар аралык биримдикти жана мамилелерди чыңдоого багытталган 2021-2026-жылдары Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.

Ошону менен бирге, Абдыганы Эркебаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга, анын ичинде имаратты оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдар Ассамблеяга керектүү колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карайт деп ишендирди.

Эске салсак, Мамлекет башчысынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгы менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин макамын жогорулатылып, ал өлкө Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү органга айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости