www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта өлкөнүн ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смитти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-акыйкатчы институтунун учурдагы ишмердүүлүгү, ишкерлерди колдоо чаралары тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргогон бизнес-акыйкатчы институтунун аракеттерине канааттангандыгын айтып, анын мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринен бизнести коргоодогу жана колдоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Робин Орд-Смитке өзүнүн эл аралык тажрыйбасын Кыргызстанда колдонгондугу үчүн, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан демократиялык өлкө катары эркин ишкердик чөйрө түзүүгө умтулаарын, өлкөдө ишкерлер менен инвесторлорго шарттарды жакшыртуу, бизнеске негизсиз кийлигишүүнү азайтуу боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров конституциялык реформадан кийин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин макамы көтөрүлөрүн, бул агенттик чет элдик инвесторлорду гана эмес, жергиликтүү ишкерлерди дагы колдоо менен алектенерин кошумчалады.

Ошондой эле ал мамлекет башчысынын деңгээлиндеги түз байланыштарды жакшыртуу үчүн бизнес-акыйкатчы институтунун макамын жогорулатуу ниетин билдирди.

Президент Садыр Жапаров инвесторлор үчүн Кыргызстандын эшиги ар дайым ачык экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит акыркы мезгилдерде ишкерлер тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине даттануулар көбөйгөндүгүн маалымдады. Көбүнчө фискалдык, укук коргоо жана сот органдарынын ишкерлердин ишине ашыкча жана негизсиз кийлигишүүлөр боюнча.

Буга байланыштуу Робин Орд-Смит мамлекет башчысынын «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгынын өзгөчө маанисин баса белгиледи. Бул документ өлкө жетекчилигинин ишкердүүлүктү жана инвесторлорду колдоодо чечкиндүү саясий эркин көрсөткөндүгүн тастыктайт.

Ошондой эле ал көпчүлүк учурда мамлекеттик органдар ишкерлер менен алдын-ала кеңешпестен өзүнчө чечим кабыл аларын, ал эми бизнес-акыйкатчы институтунун сунуштары көңүл буруусуз калып жаткандыгын өкүнүү менен кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ишкерлер менен коомчулук бул институтка чоң үмүт артып жаткандыгын белгилеп, андыктан ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча бизнес-акыйкатчы институтунун миссиясын толук колдой тургандыгына ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости