www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөн бир жыл мурда депортацияланган “France Presse” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон кыргыз коомчулугуна кайрылды. Ал өзү кабылган жагдайга көңүл бурууну өтүнгөн, бийликке суранычын айткан кайрылууну 18-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген Риклтон 2017-жылдын 9-декабрында дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Крис Риклтон Кыргызстанга буга чейин виза режимин бузганы үчүн киргизилген эмес" деп билдирген.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде да окутуучу болуп эмгектенген. 2015-жылдан бери “France Presse” агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин айтып, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киришине уруксат беришине үмүт артарын буга чейин да айтып, бийликке кайрылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости