www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын парламенти көпчүлүк добуш менен аялдардын бойдон алдыруу укугун конституциялык деңгээлде бекемдеди. Бул тууралуу « BFMTV» каналы билдирди.

Өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон жана партиясы демилгелеген долбоорду 780 парламент мүчөсү колдоп, 72си каршы добуш бергенин Франция улуттук ассамблеясынын төрагасы Яэль Браун-Пиве билдирди. Өзгөртүүлөр Франция конституциясынын 34-беренесине киргизилип, мыйзам көзөмөлгө ала турчу тармактардын тизмеси толукталды.

Президент Эммануэль Макрон социалдык тармактагы баракчасында парламенттин чечимин «Франциянын сыймыгы» катары баалап, мыйзам кепилдик берген «жаңы эркиндиктин» пайда болушун майрамдоону сунуштап, келе жаткан эл аралык аялдар күнүн эске салды.

Ошентип Франция аялдардын өз каалоосу менен кош бойлуулукту токтотуу укугун Конституция менен бекемдеген алгачкы мамлекет болду. 2022-жылы мыйзам долбоорун Макрон түптөгөн «Кайра жаралуу» (эски аты Республика, алга) партиясы демилгелеген.

Последние новости