www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада рекорддук ысык жана кургакчылыктын фонунда ири масштабдагы токой өрттөрү уланууда. Эң оор кырдаал Францияда жана Испанияда катталууда.

Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Мадрид шаарынын айланасындагы аймактардан болжол менен 70 миң адам үйлөрүнөн эвакуацияланды.

Франция бийлиги өлкөнүн түштүк-батышындагы Бордо шаарына жакын жайгашкан үч шаар четиндеги аймактын тургундарын көчүрүү чечимин кабыл алды. Жалпысынан Францияда 197 миң адам эвакуацияланган.

Euronews маалымдагандай, Франция токой өрттөрү менен күрөшүүдө Европа Биримдигинен жардам сурады. 24-июлда, жума күнү, Евробиримдик Португалия, Хорватия, Чехия жана Словакиядан учактарды жана тик учактарды жөнөтүүгө убада берди. Ошондой эле Швеция өрт өчүрүүчү учактарын жөнөтөт.

Испания бийлиги өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Токой өрттөрү Мадриддин айланасында жана Авила провинциясында уланууда.

25-июлда, ишембиде, Испанияда шамал күчөп, бул өрттөр менен күрөштү дагы татаалдаштырды. Мадрид аймагынын башчысы Исабель Диас Аюсо бул өрттү аймактын тарыхындагы «эң коркунучтуу» кырсык деп атады.

Последние новости