www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Француз экономисти Александр дель Валль Орусиянын газ эмбаргосуна байланыштуу Европада баш аламандыктар болоорун алдын ала айткан. Орусиядан келген газга эмбарго киргизүү Европанын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ОРусмиянын Лента.ру маалымат агенттиги жазып чыккан.

Анын мааоыматына караганда, Орусиядан энергетикалык ресурстарды алып келүүгө тыюу салуу европалыктардын үйүн жылыта албай калышына да алып келет. Кирешелердин төмөндөшү жана жылуулук менен байланышкан көйгөйлөр Европада пайда болгондон кийин, "бардык жерде башаламандыктар" башталат, деп эсептейт эксперт.

Кошумчалай кетсек, экономист европалык өлкөлөр коопсуз жана арзан орус газынан, ошондой эле Орусиядан экспорт-импорттон ажыратылса жаңылышат деп белгилейт. Ал кошумчалагандай, азык-түлүктүн жетишсиздиги Европада буудайдын баасынын өсүшүнөн улам башталган 2011-жылдагы араб революцияларына окшош терең кризистерди жаратат. Дан эгиндери, күн карама майы жана жер семирткичтердин дүйнөлүк жетишсиздигинен азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт, деп түшүндүрдү адис.

Валль ошондой эле евронун кулашын жана Европада баанын жарылышын орус энергия булактарынан толук баш тартуу менен алдын ала айткан.

Буга чейин энергетика боюнча эксперт Иван Новески келерки кышта чехтердин басымдуу бөлүгү Орусиядан газ берүү токтотулса тоңуп өлөт деп билдирген. Анын айтымында, Чехия 50 жылдан ашык убакыттан бери дээрлик 100% Орусиянын энергетикалык ресурстарына көз каранды. Эксперт орусиялык газга эмбарго киргизилгенде чех өнөр жайынын негизги бөлүгү, анын ичинде автоунаа жана айнек чыгаруучу заводдор күзгө чейин токтойт деп болжолдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости