www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эмманюэль Макрон 4-февралда 2021-жылдан бери иштеп келе жаткан ракка каршы улуттук планга кошумча 1,7 миллиард евро бөлүнөрүн билдирди. Каржы 2030-жылга чейин алдын алуу, дарылоону жакшыртуу жана илимий изилдөөлөргө багытталат. Планды каржылоонун көлөмү 2021-2025-жылдардагы деңгээлге барабар.
Экинчи этаптын негизги багыты өпкө рагын уюшкан скринингден өткөрүү. Бул Францияда рак ооруларынын ичинен эң көп өлүмгө алып келген түрү болуп, жылына 30 миңден ашык адамдын өмүрүн алат.
Ден соолук министрлигинин маалыматына ылайык, эксперименттик скрининг жакынкы айларда башталып, 50-74 жаштагы 20 миң адамды камтыйт. Алар учурда тамеки тарткандар же акыркы 15 жыл ичинде таштагандар. Программа кеминде он аймакта жүргүзүлөт.
Францияда жыл сайын 400 миңден ашык рак диагнозу коюлат. Адистердин баамында, алардын 40-50 пайызы алдын алууга мүмкүн. Оорулардын 20 пайызы тамекиге, олуттуу бөлүгү алкоголду колдонууга байланыштуу.
Жаңы план эмчек бези, жатын моюнчасы жана ичеги рагын текшерүүнү кеңейтүүнү да камтыйт. Ошол эле учурда адистер профилактика, айрыкча алкоголду чектөө боюнча чаралар жетишсиз болуп жатканын белгилешүүдө.
Адистердин айтымында, өпкө рагын эрте аныктоо үчүн төмөн дозалуу томография колдонуу өлүмдү 20-25 пайызга чейин азайта алат. Ошондой эле Францияда онкологиялык оорулардын улуттук реестрин түзүү чечими кабыл алынган.