www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда мусулмандарга карата басмырлоо уланууда

Францияда акыркы 2 күндө мусулмандарга каршы 2 ирээт кол салуу болду. Өлкөдө "Ислам" динин кармандарга каршы басым күндөн-күнгө күчөп баратканы байкалууда.
Өлкөнүн түштүк-батыш тарабындагы Лот-эт-Гаронна аймагында ачылган «халал» базар-касапканасы 30-январга караган түнү расисттик кол салууларга дуушар болгон.

Бон-Энконтр шаарындагы базарды өрттөгөн адамдар имараттын дубалдарына 2 свастика тартышкан.

Өрткө чара көргөн өрт өчүрүүчүлөр базар толугу менен күйүп кеткенин, бирок адам өмүрүнө зыян келбегенин айтышкан. Прокуратура окуяга байланыштуу: "Дин, расалык жана улут сыяктуу баалуулуктарга кол салуу", - деп баалап, тергөө иштерин баштаган.

Европадагы Исламофобия менен күрөшүү жамаатынын билдирүүсүнө караганда, бул окуя менен француз телевидениясында көрсөтүлгөн "радикал исламизмге" басым жасаган Zone Interdite программасынын ортосунда байланыш бар. Мындай программалар мусулмандарды терорист катары көрсөткөндүгү менен белгилүү. «Мамлекеттин Исламга душмандыгы" деген ат менен ачыка чыккан программалар ачык көрсөтүлүп жатса да, мусулмандарга тиешелүү жерлер полиция кызматкерлери тарабынан коргоого алынбай келет. 

Бир тараптан өлкөнүн түштүк-батышындагы Тулуза шаарында, ички органдары алынган жапайы камандын башы жана териси дүкөндөр, анын ичинде мусулмандардын көрүстөнү болгон жерлердин алдындагы жол белгилерине илинген.

 

 

Последние новости