www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ алдамчылык менен алектенгендер көбөйүп жатканын эскертет. Милицияга чет өлкөлүк жаран “Интерпол SOS” өкүлдөрү катары өздөрүн тааныштырган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени, жабырлануучуга Telegram каналдын биринде Францияга баруу үчүн туристтик виза даярдап берүүнү убадалашкан жарандар 8400 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Мындан тышкары, которуулар тутуму аркылуу 11 833 сом суммасында экинчи төлөм жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин шектүүлөр убадаларын аткарбай, байланышка чыкпай коюшкан.

Маалыматтарды алуу, буюмдук далилдерди топтоо жана болгон окуянын жагдайларын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, текшерүү башталган. ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-техникалык жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүү катары 1992-жылы туулган К. З. кармалды.

Суракка алуу учурунда жаран К.З. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилди.

ИИМ эскертет:

-Эч качан бейтааныш, текшерилбеген адамдарга телефон же интернет аянтчалары аркылуу жеке маалыматтарды же банктык маалыматты бербеңиздер. Эгер сизге шектүү чалуулар болуп же билдирүү келсе, аны этибарга албаганыңыз же милицияга кабарлаганыңыз жакшы;

- Текшерилбеген булактарга акча которууларды жасабаңыз.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости