www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциялык "Ашан" компаниясын "Украинадагы орус жоокерлерине кызмат көрсөтүп жатат" деп күнөөлөшүүдө. 

Франциялык "Ашан" гипер-маркеттер түйүнүн "согуш башталгандан бери Украинадагы оккупациялап алган облустардагы орус аскерлерине гуманитардык жардам түрүндө ар кандай товарларды жеткирип турушкан" деп айыптап чыгышты. Бул туурасында Insider, le Monde жана Bellingcat басылмалары биргелешип иликтеп чыккандыктарын билдиришти.

Алар "Ашан Санкт-Петербург" башкармалыгынын текшерүүчүсү Наталья Зельцердин жазышкандарынын скрин-көчүрмөлөрүн жарыялашкан. Ал 2022-жылы 15-мартта коллегаларына гуманитардык жардам ирээтинде чогултула турган товарлардын тизмесин жөнөткөн. Жалаң эркектердин буюмдарынан турган тамеки, от тутандыргыч, сакал алгыч, эркектердин чоң көлөмдөгү кийимдери тизмеде көрсөтүлүп, гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн. Журналисттердин пикиринде мындай буюмдар гуманитардык жүк катары жөнөтүлбөшү керек эле. "Ашан" компаниясы саясатка киришпей тургандыктарын билдиришип, эч кандай "согуштук компанияларга" аралашпаганын айтып чыгышты. 

Украинадагы согуш башталгандан баштап Россиянын аймагынан көптөгөн чет өлкөлүк компаниялар чыгып кетишкен эле, бирок эл аралык ири компаниялардын бири "Ашан" француз компаниясы орус рыногунан кетпей тургандыктарын расмий билдиришкен. Өткөн жылы март айында Украина президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусун кабыл алышкан эмес. "Ашан" компаниясынын генералдык директору Ив Клод "Россия рыногунда 20 жылдан ашуун иштеп жатышкандыктарын жана 30 миң жумушчуларын жумушсуз калтырбай тургандыгын" так кесе билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости