www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен чек арасын Орусия бекемдеп жатат

Орусия Украина менен чек арасын бекемдеп, сооттолгон техника жана курал-жарактар менен күчтөдү. Бул тууралуу Орусиянын Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары, генерал Владимир Кулишов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Украина менен чек арада куралдуу провокацияларды алдын алуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында чек ара бөлүктөрү резервдер менен бекемделди. Убактылуу кошумча чек ара заставалары жайгаштырылды. Коркунучтуу аймактарды сооттолгон техника жана кубаттуу курал-жарак менен кошумча келген кызматкерлер кайтарып жатат", — деди Кулишов.

Кулишовдун айтымында украин улутчулдары Орусия менен чектешкен жерлерде коркутуу аракеттерин жасап жатышат.

"Учурда кырдаал оор бойдон калууда. Украин улутчулдары Орусия чек арачыларын аткылап, калктуу конуштарга артиллериялык сокку уруу менен коркутууга аракет кылууда. Курмандыктар жана кыйроолор жок эмес", — деди генерал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости