www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-февралда Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Украинанын Орусияны геноцидге айыптаган арызын кароону чечти. Украина Кремль Донбасста «геноцид» болуп жатат делген жалган айыптоолорду согуш баштоо үчүн шылтоо кылып, 1948-жылкы конвенцияны бузган деп эсептейт.
Москва бул ишти кароо БУУнун сотунун "юрисдикциясына кирбейт" деп билдирип келген.
Гаага соту Киевдин Орусиянын Украинаны геноцидге негизсиз айыптаганы 1948-жылкы эл аралык документти бузуу болуп саналат деген кинесин жүйөсүз деп тапты.
2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Киев Москванын үстүнөн 1948-жылы кабыл алынган геноцид жөнүндө конвенцияны бузду деп арызданган.
31-январда Гаагадагы Эл аралык сот Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча чечимин жарыялап, орус бийлиги терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу тууралуу эл аралык конвенцияларды жарым-жартылай бузган деген тыянакка келген.
Чечимде орус бийлиги аннексиялап алган Крымда украин тилиндеги билим берүүнү коргобой, БУУнун дискриминацияга каршы келишимдерин бузганы айтылды, бирок Орусияны кенемте төлөтүү тууралуу талап колдоого алынган жок жана Крымдагы татарлар менен украиндер басмырлоого кабылганы тууралуу өтүнүч да канааттандырылган эмес.
Жалпысынан Эл аралык сот келишимдердин эки беренесин бузганын тастыктап, калгандары боюнча доону колдогон жок.
Орусия Украинадагы согушту "атайын операция" деп, украин бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун айыптоолорун четке кагып келет.
Булак: NazarNews.kg