www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун апелляциялык палатасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка карата чыгарылган камакка алуу ордерлерине байланыштуу Израилдин апелляциясын четке какты.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, 15-декабрда жарыяланган соттун расмий билдирүүсүндө апелляциялык соттор көпчүлүк добуш менен Израилдин Газа тилкесине каршы согушту жүргүзүүдөгү аракеттерин иликтөөнү токтотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.
Соттун чечиминде белгиленгендей, Палестина боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери улантылат жана өткөн жылы Нетаньяху менен Галлантка карата чыгарылган камакка алуу ордерлери өз күчүндө калат.
Израиль өз арызында 2023-жылдын 7-октябрындагы окуялар “жаңы жагдайды” жаратканын жүйө келтирип, Палестинадагы болжолдуу согуш кылмыштары боюнча иликтөөгө байланыштуу жаңы билдирүү чыгаруусу зарыл деп эсептеген.
Белгилей кетсек, Гаага соту буга чейин да, өткөн жылдын октябрь айында Израилдин ушул эле маселе боюнча берген экинчи апелляциясын четке каккан.
2021-жылдын 5-февралында Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Палестинаны Рим статутунун катышуучу мамлекети катары таанып, Газа тилкесин жана Иордан дарыясынын Батыш жээгин камтыган Палестина аймактарында жасалган кылмыштарды иликтөөгө соттун юрисдикциясы бар экенин чечкен.
Булак: "eurasiatoday.ru"