www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаитиде башаламандык уланууда

Куралчан топтун Гаитинин борбору Порт-о-Пренс шаарына кол салуусунан улам 12 адам каза болду. Өлкөнүн борборунда бир канча жумадан бери башаламандык токтобой жатат.

Башаламандык уюштургандар Лабуль жана Томассин коомчулугунун бир катар үйүнө кол салды. Тургундар жардам сурап полицияга чалып, кээ бири жөө качып чыгышкан. Өлтүрүлгөндөрдүн денеси көчөдө жатканын «Euronews» маалымдады.

Порт-о-Пренс шаарындагы февралдын аягында башталган хаоско карабай аталган райондо зомбулук фактылары каттала элек болчу. Бул кол салуу премьер-министрдин отставкага кетүү чечимине карабай зомбулук токтобойт деген коркунучту туудуруда.

Дүйшөмбү күнү Гаитидеги энергетика компаниясынын өкүлдөрү борбор калаада 4 подстанция иштен чыкканын маалымдады. Анын кесепетинен Порт-о-Пренс шаарынын көп бөлүгү жарыксыз калды.

Маалыматта ошондой эле куралчан топ өзү менен кошо баалуу документтерди, кабелдер жана жылытуучу шаймандарын ала кеткени кошумчаланат. Кариб коомчулугу өлкөлөрүнүн башчылары өлкөдө өткөөл кеңеш курууга салым кошууга аракет көрүп жатышат.

Алгач ага 7 адамды мүчө кылуу каралып жаткан. Бирок Гаитинин саясий партияларынын бири кеңешке мүчө болуудан баш тартса, дагы бири кимди талапкерликке сунуштарын билбей келет. Гаитиге БУУ колдогон Кениянын полиция күчтөрүн киргизүү сунушу өткөөл кеңеш түзүлгөнгө чейин жылдырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости