www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Гавайи штатындагы токой өрттөн каза болгондордун саны 93кө жеткенин Мауи округунун расмий өкүлдөрү билдирди.
Буга чейин NBC News телеканалы Гавайи штатынын губернаторуна таянып, бул токой өрттөрү АКШнын тарыхындагы эң көп адам өлүмүнө алып келген өрт болгонун кабарлаган.
Кургак жана ысык аба ырайынан улам Мауи жана Чоң аралдагы өрттөр башталып, "Дора" бороону алып келген катуу шамалдан улам күчөгөн. Өрт бир нече калктуу конуштарды, анын ичинде популярдуу туристтик Лахайна шаарын талкалады. Бийлик жолдорду тосуп, коомдук транспорт ишин токтотту. Жүздөгөн жергиликтүү тургундар эвакуацияланганы кабарланды.
АКШнын президенти Жо Байден Гавайидеги бардык федералдык мекемелерге, анын ичинде аскер кызматкерлерине өрткө каршы күрөшкө кошулууга буйрук берди.
Булак: NazarNews.kg