www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гавайидеги Мауи аралында чыккан токой өрттөрү 53 адамдын өмүрүн алганын аралдын расмий өкүлдөрү билдирди.

Мауинин түндүгүндөгү Лахайна шаары көбүрөөк жабыр тартты.

Аралда үч күндөн бери жалын токтобой жатат. Губернатор Джош Грин CNN телеканалына каза болгондордун саны дагы көбөйөрүн айтты. Ал белгилегендей, мындай кырсыктар көп жылдардан бери болгон эмес. Анын айтымында, 1700дөн ашык үй кыйрап калган.

Аралдын администрациясы Лахайнадагы өрт 80% чектөөгө алынганын билдирди. Өрттү өчүрүү иштери жүрүп жаткандыктан шаарга кирүү чектелип, электр жарыгы өчүрүлгөн. 1050 адам аскердик музейге жана коомдук борборго жайгашып, дагы 300 тургун Мауидеги Королдук собордо жана чиркөөдө ачылган эвакуациялоо жайларында баш калкалоодо.

Өрт 8-августта башталган. Жалын имараттарды каптап, катуу шамалдын кесепетинен башка үйлөргө да тараган. Айрым жергиликтүү тургундар өрттөн качуу үчүн океанга секирүүгө аргасыз болушкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости