www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада балалуу аял көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган. Каргашалуу окуяны полиция кызматкерлери алдын алганын Tengrinews.kz жазды.

Кайгуул кызматкерлери билдирүү келип түшкөн дарекке келишкенде аял эки баласы менен 9-кабаттын терезесинен секирүүгө аракет кылып жатканын көрүшкөн. Окуя болгон жерге биринчи болуп №26 РИИБдин ага инспектору Аскар Папышев жана шериги Елдос Нугманов келген, алар ошол учурда райондун тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатышкан.

Полиция кызматкерлери 9-кабатка көтөрүлүшкөндө улуу баланы атасы колуна алганын, аял кичүү баласы бирөө келсе секирип кетем деп кыйкырып жаткан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири аялды сүйлөшүү менен алаксытууга аракет кылса, экинчиси жарандык кийимин кийип, батирге кирип, артынан акырын келип, бир колу менен баланын колунан кармап, экинчи колу менен аялды бекем кармап алган. Милиционер балалуу аялды секирип кете электе бөлмөгө сүйрөп киргенге үлгүргөн.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, 24 жаштагы келин үй-бүлөлүк чырдан улам ушундай кадамга барган. Аталган аялдын күйөөсүнө карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 73-беренесинин 1-бөлүгү “Үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер” боюнча административдик протокол түзүлүп, үй-бүлө өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Аял балдары менен Астана шаарындагы кризистик борборго жаткырылды. Аны менен профилактикалык баарлашуу жүргүзүлүп, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости