www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куба АКШнын Венесуэлага жасаган аскердик соккусунда курман болгон 32 кубалык жоокердин элесин эскерди. Эскерүү аземине Кубанын мурдагы лидери Рауль Кастро жана өлкө президенти Мигель Диас-Канель катышты.

Куба бийлигинин маалыматына ылайык, каза болгондордун 21и Ички иштер министрлигине, калгандары куралдуу күчтөргө таандык болгон. Алар 3-январда Каракаста АКШ күчтөрүнүн операциясы маалында курман болушкан.

Салтанат Гавананын Хосе Марти атындагы эл аралык аэропортунда өтүп, жоокерлердин күлү салынган урналар мамлекеттик желектер менен жабылган. Андан соң алар Коргоо министрлигине жеткирилген.

Ички иштер министри Ласаро Альберто Альварес жоокерлер “акыркы огун атканга чейин күрөшкөнүн” айтып, АКШны Кубанын абийирин сатып ала албайт деп билдирди.

Бул иш-чара Куба менен АКШнын ортосундагы чыңалган мамилелер фонунда өттү. АКШ президенти Дональд Трамп Кубаны Венесуэлага колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырып, болбосо кесепеттер болорун эскерткен.

Куба бийлиги болсо АКШнын гуманитардык жардам сунуштарын “саясий манипуляция” катары баалап, жардам шартсыз болушу керектигин билдирди.

АКШнын Венесуэлага жасаган операциясында 23 венесуэлалык аскер да каза болгон.

Последние новости