www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошондой эле, Германиянын канцлери бул «таңууланган тынчтык» болбошу керектигин тактады. Белгилей кетсек, буга чейин Евробиримдиктин элчилери орусиялык мунайга эмбарго боюнча дагы бир пикирге келе албаганы белгилүү болгон. Венгрия Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетинин киргизилишине каршы чыкты, анын ичинде өзгөчө орус мунайынын импортуна тыюу салуу камтылган. Өлкө өкмөтү мунайдан баш тартууну анын экономикасына өзөктүк бомба таштоо менен салыштырат.
Антиорусиялык санкциялардан улам Евробиримдиктин ынтымагы ыдырай баштады. Бул тууралуу Германиянын экономика боюнча вице-канцлери, министр Роберт Хабекке шилтеме берип Reuters агенттиги билдирди. Министр мындай көрүнүш мунай эмбаргосун жарыялоо жана Орусиянын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу планын талкуу кылчу Европа лидерлеринин саммитин утурлай башталганын айтты.
"Европа бириккенде кандай болорун көрдүк. Саммитте дагы дал ошондой ынтымак болот деп үмүт кылам. Бирок азыр бул биримдик бузула баштады", — деди Хабек. Ал немец өкмөтүн ичтен бөлүнүп интрига жараткандан көрө саммитке бирдиктүү позиция менен барууга үндөдү. Министр Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө дагы дал ушундай өтүнүч менен кайрылды.
Бир күн мурда Хабек Германия Украинага курал жагынан жетиштүү жардам берип жатканын, бирок Берлин Киевдин ар бир талабын аткара албай турганын айткан. Германия башка Батыш өлкөлөрү сыяктуу эле Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Орусияга каршы санкциялардын киргизилишинен улам оор экономикалык көйгөйлөргө дуушар болду. Мисалы, учурда энергиянын баасынын өсүшү жана инфляция элди кыйнап турган кези.
Орусия тышкы карыздарын рубль менен төлөй турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министри Антон Силуанов билдирип, аны газдын төлөмүн рубль менен алып жаткан механизмге окшоштурду: “Газ үчүн акы алуу кандай жүрүп жатат? Алар бизге валютаны которушат, бул жерде ал рубулга алмаштырылат жана ошондон кийин төлөнөт. Евробонддорду төлөө дагы куду ушундай аткарылат, болгону тескери жүрөт”, - деди Силуанов.
Өзү каалаган валютаны алуу үчүн карыз берген инвестор орусиялык банкта рублдик эсеп ачышы керек жана анда акча алмаштырып туруусу шарт. Эгер инвесторлор бул шартка макул болбой калса, анда Орусия иш жүзүндө Силуанов атагандай “техникалык дефолтко” кабылат.
АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын тышкы карызды өзүнүн эл аралык резервдеринен төлөөсүнө укук берген лицензиясын узартпай койгон. Бул Орусия жүз жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу мамлекеттик карыздарды төлөөдө дефолтко кабылышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Ага жооп кылган Силуанов Орусия мамкарыздарды рубль менен тейлей турганын айткан эле.
Президент Владимир Путин 1-апрелден тартып Москва “дос эмес” деп эсептеген өлкөлөрдү орус газына рубль менен төлөөгө өткөрүүнү тапшырган. Бул аларды орус рыногуна доллар, же евро менен киргизүүгө мажбурлоо үчүн кабыл алынган. Ага чейин АКШ доллар банкноттору, Евробиримдик еврону Орусияга накталай сатууга тыюу салган.
ТАСС агенттиги кабарлагандай, ушул күнгө чейин Германия, Франция, Италия, Венгрия, Словакия, Түндүк Македония рубль менен соода жүргүзүүгө көндү. Польша, Чехия, Улуу Британия баштаган топ мындан баш тартса, Румыния, Греция, Швейцария сыяктуу мамлекеттер бул ыкманы дале караштырууда. Жаңы механизмге ылайык, чет мамлекеттер "Газпромбанкка" доллар же, евро киргизип, анда рубль сатып алып, орус акчасын "Газпром" компаниясына которот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg