www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын (УКГВ) маалыматына караганда, буга чейин эки окуу жылын өткөрүп жиберген 660 миңден ашуун окуучунун ичинен болжол менен 71 миңи орто мектепти аяктоо боюнча экзамендерди тапшыра албагандыктан, жогорку окуу жайларында окуусун уланта албайт. Бул тууралуу news.un.org жазды.

Мектеп жашындагы балдардын болгону 38 пайызга жакыны — 250 миңдей бала — кандайдыр бир уюштурулган билим берүү формасына жеткиликтүү болгон. Убактылуу окуу жайларда балдар билим алып, психологиялык жана социалдык колдоого ээ болушкан. Ошондой эле алар үчүн эс алуу иш-чаралары уюштурулган.

«Мектеп жашындагы балдардын 60 пайыздан ашыгы дээрлик эки жыл бою билим алуунун же кандайдыр бир колдоонун түрүнө жеткиликтүү болгон эмес», — деп билдирди.

2022–2023-окуу жылында окуган 1730 гана окуучу Билим берүү министрлиги уюштурган жалпы орто мектепти аяктоо экзамендерин тапшыра алган. 2023–2024-окуу жылында билим алган окуучулар үчүн кошумча экзамендерди кийинки эки жуманын ичинде өткөрүү пландалууда.

Интернетке жеткиликтүүлүк чектелүү

Гуманитардык уюмдар согуштук аракеттер, кыйроолор, элдин мажбурлап жер которушу жана каржылык чектөөлөр шартында балдардын билим алуусун кеңейтүүдө чоң кыйынчылыктарга туш болууда.

Газадагы аймактын 86 пайыздан ашыгы Израиль көзөмөлдөгөн аймактарда же көчүрүлүү боюнча буйруктар колдонулган жерлерде жайгашкан. УКГВнын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери 166 убактылуу билим берүү мекемеси коопсуздуктун жоктугунан жана эвакуация тууралуу буйруктардан улам ишин токтотууга аргасыз болгон.

Ошол эле мезгилде дагы 239 убактылуу билим берүү мекемеси талкаланган же каржылык чектөөлөрдөн улам жабылган.

Интернетке жеткиликтүүлүктүн чектелүү болушу онлайн билим алууну, анын ичинде Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү боюнча БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттиги (БАПОР) уюштурган курстарды да кыйындатууда.

Мектептер жабыркаган же талкаланган

Газада билим берүү мекемелерине каршы чабуулдар дагы деле уланып жатат. Анын ичинде Израиль аскерлери ички жер которгон адамдар баш калкалаган мектептерге да сокку урган учурлар бар.

2023-жылдын октябрынан бери мындай жалпы 394 окуя катталган. Алардын 117си 2025-жылдын январь–август айларында болгон.

БУУнун Спутниктик борбору (ЮНОСАТ) берген спутниктен тартылган сүрөттөргө ылайык, согуш башталгандан бери дээрлик бардык мектеп имараттары жабыркаган же талкаланган.

ЮНОСАТтын маалыматы боюнча, мектептердин 90 пайыздан ашыгын толугу менен калыбына келтирүү же масштабдуу реконструкциядан өткөрүү талап кылынат. 

Мындан тышкары, мектептерге жасалган чабуулдар ата-энелер менен балдардын арасында коркунуч жаратууда. Натыйжада көпчүлүк ата-энелер балдарын билим берүү иш-чараларына катыштыруудан баш тартып жатышат.

Кыскасы, Газадагы билим берүү системасы кыйроонун алдында турат.

Последние новости