www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа секторунда Израилдин соккусунан каза болгон гуманитардык уюмдун чет элдик алты кызматкеринин сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Алардын үчөө Улуу Британиянын, калгандары Польшанын, Австралиянын жана АКШ/Канаданын жарандары. Ал эми жетинчи кишинин – жергиликтүү палестиналык айдоочунун сөөгү Газа секторунда жерге берүү үчүн жакындарына өткөрүп берилди.

Газада 2-апрелде World Central Kitchen (WCK) эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун жети кызматкери каза болгон. Сектордун борбордук бөлүгүндөгү Дейр-эл-Балаха шаарына деңиз менен жеткирилген 100 тоннадан ашуун гуманитардык азык-түлүк жардамын калтырып, кампадан чыгып бараткан автомашина аткыланган.

Израил бул авиа чабуулду жөөт аскерлери жасаганын мойнуна алды. Армиянын Башкы штабынын башчысы Герци Халеви соккуну «аныктоо иши өтө оор шарттан улам туура эмес жүргүзүлгөндүктөн кетирилген одоно ката» деп атады. Ал Газага гуманитардык жеткирүү маанилүү жараян экенин айтты.

Бул окуя үчүн Израилди АКШ баштаган союздаштары сындап, айыптады. АКШ президенти Жо Байден Израилди кескин сынга алып, ал жай тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканын айтты.

Америкалык WCK кайрымдуулук уюму 2010-жылы негизделген. Ал ар кандай өзгөчө кырдаалдан жабыркаган жай тургундарга тамак-аш жеткирип иштейт.

Жарым жылдан берки согуштун айынан каатчылык жаралган Газа секторуна биринчи жолу деңиз аркылуу түзүлгөн гуманитардык коридор менен жардам алып бараткан уюм чогулткан 200 тонна азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн Open Arms кемеси жолго 12-мартта Кипрдеги Ларнака портунан чыккан.

Газа үчүн мындай алгачкы деңиз коридорун ачуу тууралуу чечимди Европа комиссиясы жана эл аралык донор уюмдар 8-мартта биргелешип кабыл алышкан.

Израил деңиз коридору ачылганын кубаттай турганын билдирген, бирок коопсуздук үчүн текшерүү уюштуруларын эскерткен.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси сектордо жалпысынан 32 миңден ашуун палестиналык жай тургун набыт кеткенин билдирүүдө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин айткан.

Последние новости