www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 2023-жылы 12, ал эми 2024-жылы үч конушка газ киргизилди. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, Новопокровка айылын газдаштыруу иштери быйыл бүтөт. Ошондой эле Эне-Сай, 69 га (Арча-Бешик), Жал, Сарбан, Селекция жана Ак-Босого конуштарында долбоорлоо иштери жүргүзүлөт.

“Былтыр 140 чакырымга жакын газ түтүктөрүн курдук. Газдаштыруу мезгилинде 1400 бөлүштүрүүчү тармак ишке кирип, 58 миң абонент аларга кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Союз мезгилинен бери “Кыргызгаздын” 2800 чакырым түтүгү курулган. Андан бери газдаштыруу менен керектөөнүн көлөмү кыйла өстү”, — деди Алдаяров.

Ал кошумчалагандай, ЖЭБ-2 жана “Бишкексельмаш” отканасынын курулушу аяктагандан кийин газга кошулат.

“Бишкек ЖЭБи да келишимге ылайык, 2027-жылдан тарта газга өтөт”, — деди Алдаяров.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости