www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда «Магнитскийдин тизмеси» - деген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга АКШ эмне десе «ляппай» дешип макул болгон, бир топ Евро Биримдиктин мамлекеттери кошулган. Азыр Орусия жана анын тарапташтарына экономикалык жактан басым жасап келаткан АКШ, «өзүнүн кол жоолуктарына» айланып калган «нпошниктери», батышчыларды акча менен сугарып, СССРди бүлүндүргөндөй эле, Орусия жана анын кызматташтарын бүлүндүрүп, бөлүп, талап-тоногусу келип турат. Бул кимдерге жакшы, албетте, Батыштын кызыкчылыгы үчүн, АКШнын «жашылбайларын» алып Мекенин саткандан кайра тартпаган, ошолордун акчалары менен жан багып көнгөн «лжепатриотторубуз» үчүн гана жакшы. Жалпы элибиз октябрь айында болгон баш-аламандыктардын курмандыктары болуп, кымбатчылыктын запкысын тартып келе жатат.

Магнитский 2000-жылдын башында 230 млн. долларды Орусиянын тиешелүү ыйгарымдуу адамдары жаап-жашырып, уурдап алышкандыктарын айгинелеп чыккан. Бирок, ушундан соң бул юристти СИЗОго камашып, ал 2009-жылы көз жумган.

Путинди эмне үчүн «Магнитскийдин тизмесине» кошкусу келген?

СССРди славяндар мамлекетинин батышчыл-демократтары Ельцин, Шушкевич жана Кравчук жок кылган. Беловеж токойуна Нурсултан Назарбаев да чакырылган эле, бирок ал барбай койгон. СССР тараганы АКШнын атаандаштары таланып-тонолуп Борис Ельциндин жубайынын улутташтары «жети еврей» Орусияны өзү билип калган. «Жети еврейдин» колуна түшкөн Орусия экономикалык жактан алсыз мамлекеттин катарына кошулуп, аны менен бирге бүт  бөлүнүп кеткен мамлекеттер артты көздөй сүрүлө баштаган.

2000-жылдары мекенчил сезимдери менен Владимир Путиндин Орусиянын башына жетекчиликке келиши АКШ сыяктуу Батыштын мамлекеттерин чоочутуп койгон. Орусия ШКУ, ЖККУ, ЕврАзЭК сыяктуу дүйнөлүк кызматташтык уюмдарын чыңдап, АКШ дүйнөлүк лидер катары саясатты монополиялаштырып алуусуна каршы чыккан. Ушундай кырдаалдарда Орусия адам укугун бузуп жатат деген шылтоо менен 2012-жылы «Магнитскийдин тизмесин» Конгресстен өткөзөт.

2012-жылдын 24-декабрында американын Ак үйүнүнүн сайтында Орусия президенти Владимир Путинди тизмеге кошуу боюнча петиция башталат. Ошол эле убакта бардык орус депутаттарын бул тизмеге кошуу боюнча петиция да башталат. Бул петиция боюнча 25 миң адам колдосо Ак үй карамак? Путин -12 миң добуш, депутаттар -50 миң добуш алат. Бирок Вашингтон мындай талаштуу нерселерди Москва менен кеңешип чечүү жолун карап, петициялар кокустан эле сайттан алынып салынган.

«Магнитскийдин тизмесинде» кыргыздар эмнеге жүрөт?

1

Алексей Аничин

Тергөө Комитетинин мурунку жетекчиси

ТК ИИМ

2

Олег Логунов

Тергөө Комитетинин мурунку жетекчисинин орун басары

ТК ИИМ

3

Олег Сильченко

Тергөө тобунун жетекчиси

ТК ИИМ

4

Александр Матвеев

Тергөө Комитетинин мурунку жетекчисинин орун басары

ТК ИИМ

5

Геннадий Карлов

Бөлүм башчысы

ТК ИИМ

6

Наталья Виноградова

Бөлүм башчысынын орун басары

ТК ИИМ

7

Александр Рябинин

Тергөөчү

ТК ИИМ

8

Сергей Олейник

Тергөөчү

ТК ИИМ

9

А. А. Малыгина

Тергөөчү

ТК ИИМ

10

М. О. Сапунова

Тергөөчү

ТК ИИМ

11

Е. В. Михайлов

Тергөөчү

ТК ИИМ

12

Р. А. Грицай

Тергөөчү

ТК ИИМ

13

И. А. Варганов

Тергөөчү

ТК ИИМ

14

Нелли Дмитриева

Тергөөчү

Москва ШИИБ

15

Артём Кузнецов

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

16

Алексей Дроганов

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

17

Дмитрий Толчинский

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

18

А. А. Кречетов

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

19

Александр Клевцов

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

20

Анатолий Михайлин

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

21

Павел Карпов

Тергөөчү

Москва ШИИБ

22

Иван Глухов

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

Москва ШИИБ

23

Николай Будило

Тергөөчү

ТК ИИМ

24

Олег Уржумцев

Тергөөчү

ТК ИИМ

25

Александр Кувалдин

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

ФСБ РФ

26

Виктор Воронин

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

ФСБ РФ

27

Станислав Гордеевский

Прокурор

Прокуратура Москва

28

Наталья Якимович

Прокурор

Прокуратура Москва

29

Сергей Лазуткин

Прокурор

Прокуратура Москва

30

Аркадий Мажаев

Салык кылмыштарына каршы Башкармачылыктын кызматкери

ТК ИИМ

31

Александр Буров

Прокурор

Башкы прокуратура

32

Андрей Печегин

Бөлүм башчысы

Башкы прокуратура

33

Виктор Гринь

Заместитель Генерального прокурора

Башкы прокуратура

34

Елена Химина

Бөлүм башчысы инспекция 25

ФНС Москва

35

Сергей Жемчужников

Бөлүм башчысы инспекция 23

ФНС Москва

36

Раиса Бурмистрова

Бөлүм башчысы (инспекция 25)

ФНС Москва

37

Александра Кузнецова

Бөлүм башчысы (инспекция 25)

ФНС Москва

38

Юлия Колтунова

Бөлүм башчысы (инспекция 25)

ФНС Москва

39

Ольга Степанова

Начальник  (инспекция 28)

ФНС Москвы

40

Ольга Цумай

Бөлүм башчысы (инспекция 28)

ФНС Москва

41

Светлана Дубровская

Бөлүм башчысы (инспекция 28)

ФНС Москва

42

Ольга Давыдова

Бөлүм башчысы (инспекция 28)

ФНС Москва

43

Екатерина Фролова

Бөлүм башчысы (инспекция 28)

ФНС Москва

44

Олеся Шаргородская

Бөлүм башчысы инспекции 28

ФНС Москва

45

Максим Третьяков

Бөлүм башчысы инспекции 28

ФНС Москва

46

Иван Прокопенко

СИЗО начальниги

СИЗО «Матросская тишина»

47

Дмитрий Комнов

СИЗО начальниги

Бутыр СИЗОсу

48

Дмитрий Кратов

СИЗО начальнигинин орун басары

Бутыр СИЗОсу

49

Лариса Литвинова

СИЗО начальнигинин орун басары

Бутыр СИЗОсу

50

Сергей Подопригоров

Судья

Твер райондук соту Москва

51

Алексей Криворучко

Судья

Твер райондук соту Москва

52

Светлана Ухналева

Судья

Твер райондук соту Москва

53

Елена Сташина

Судья

Твер райондук соту Москва

54

Галина Филиппова

Судья

Твер райондук соту Москва

55

Татьяна Корнеева

Судья

Твер райондук соту Москва

56

Руфина Газизова

Судья

Твер райондук соту Москва

57

Андрей Юшков

Судья

Арбитраждык сот Татарстан

58

Елена Ким

Судья

Арбитраждык сот Татарстан

59

Ильдар Салимзянов

Судья

Арбитраждык сот Татарстан

60

Маргарита Зинурова

Арбитраждык соттун төрагасынын орун басары  

Арбитраждык сот

61

Райымбек Матраимов

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматы

Кийин кошулгандар:

  • Леча Богатырёв,
  • Казбек Дукузов.

2014-жылы 32 адам кошулган.

2017-жылы:

Артём Чайка

АКШ Кадыровду да «Магнитскийдин тизмесине» кошту

«Магнитскийдин мыйзамы» деген Кошмо Штаттарда тизме бар, Орусиядагы жактырбаган адамдарды АКШ санкция берип ушул тизмеге кошот. Бул ирет бул тизмеге Чеченстандын жетекчиси баш болгон беш киши кошулду. АКШ буларды адам укуктарын бузгандыктары үчүн күнөөлөйт, анын ичинде соттун чечими жок жазалагандыгы үчүн, кишилерди барымтага алышып, кыйнагандары үчүн.

Кадыровдон тышкары АКШнын Каржы министрлигинин бул санкциялык тизмесинде Аюб Катаев, Юлия Майорова, Андрей Павлов жана Алексей Шешендер кабылды. АКШнын Каржы министрлигинин 2017-жылдын 20-декабрында өткөн пресс-релизинде бул тууралуу элге жарыяланды.

Документте андан тышкары Аргун райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Аюб Катаев 2017-жылы Чеченстандагы гейлердин укуктарын бузганы үчүн бул тизмеге кошулганы айтылат. Hermitage Capital Management инвестициялык фондунун юристи Сергеем Магнитский тарабынан кылмышкерлер схемасына тартылган деп Юлия Майорова, Андрей Павлов да бул тизмеге кирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости