www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Райымбек Матраимовго санкция киргизүү менен Кытайга сокку ургусу келип жатат. Мындай пикирин Эльнура Алканова социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын пикиринде, АКШ Кытайдын Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн товарларын чектөөнү көздөйт. АКШ коррупцияга байланыштуу Матраимовду гана "кара тизмеге" киргизгени - АКШ бийлигинин эки жүздүү саясаты деп эсептейт:

"Планетадагы бир дагы өлкө башка мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт. АКШ да Матраимовго жеке кызыкчылыгы үчүн санкция киргизди. Бул жерде кыргыз элинин эч кандай кызыкчылыгы жок, көзүңөрдү ачкыла урматтуу жолдоштор!

АКШ Кытайдын Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн товарларын чектөөнү көздөйт. Алар Кыргыз өлкөсүнүн башына өздөрүнүн кишилерин коюуну каалайт. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кытайдан жөнөтүлгөн товарлардын көлөмү азайса Кытайга оор болот. Биз жана Орусия башка альтернативдик жолдорду табабыз. Кымбатчылык болот, бирок жашап кете алабыз. Бул кадимки эле Кытай менен АКШнын экономикалык согушу.

Алдыда бизди "Бир шакекче, бир жол" долбоору күтүп турат. Мындай темп менен биздин өлкө сыртта калары сезилип турат. Реэкспорт рыногун бизден Казакстан тартып алып жатат. Башка өлкөлөр Кытайга жакшы шарттарды, саясий стабилдүүлүктү сунушташат. А биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдон чыгарабыз. Кеп кандайдыр бир жеке адамдарда эмес, биз өлкөнү жоготуп жатабыз", - деп жазды Алканова

Эске салсак, Алканова 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде сегизинчи орунда турган жана шайлоо өнөктүгү маалында партиянын өкүлү болгон.

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

"Матраимов Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи болгон эмес. Төраганын орун басары болгон. Малабаев, Кулматов деген жетекчилер отурган. "Азаттык" төрт иликтөө жасап, бирөөндө да алар тууралуу ооз ачкан эмес. Матраимовдун маселесин көтөрүп жатканда башка жетекчилердин маселеси көтөрүлгөн эмес. АКШ бийлиги сот өкүмү чыга элек Матраимовду "Магнитский тизмесине" киргизди, ал эми коррупцияга айыпталып, соттун өкүмү чыккан Аскарбек Шадиев ошол эле Америкада жашап жүрөт. Эмне үчүн аны кара тизмеге киргизбейт? Ошондуктан, бул АКШнын эки тараптуу, өз кызыкчылыгын коргоо саясаты, кызыкчылыктарынын алкагындагы иш деп эсептейм",- дейт Алканова.

Маалымат үчүн: "Магнитский актына" киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдерине арест салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал кеңсенин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле "кара тизмеге" илинген адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости