www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тирүү легенда
Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча тартылган тасмага 54 жыл толуптур. Бул тасма бүгүнкү каарманым белгилүү режиссёр Геннадий Базаровдун дипломдук иши экен. Ал болгону 24 жашында ушул шедеврге айланган тасманы элине тартуулаптыр…
Геннадий Садырович – өз почерки бар мыкты кинорежиссёр. Анын тасмалары кадимки «Кыргыз кереметтеринин» катарын толуктап турары – кашкайган чындык. Биздин каарман замандаштарынын баасында талант менен адамгерчиликти бирдей кармаган жана жөнөкөйлүгү менен кадыр-баркка ээ.
Жөнөкөйлүгү менен улуулукту багындырган бул залкар таланттын өрнөгү келечек жаштарыбызга үлгү болоору шексиз.
- Тасма өз жашоосунда жашап кетүү керек дешет го. Сиз майда нерселерди да себепсиз өткөрбөгөндөй сезилесиз өз картиналарыңызда…
- Албетте! Анда режиссёр болуунун деле кажети жок го. Режиссёр өз картинасы туурасында ийне-жибине чейин түшүндүрүп отуруунун өзү – абсурд. Жакында эле «Туздуу талаа» аталыштагы тасмам жарык көрдү. Көрүнүктүү талант, мыкты жазуучу, зор драматург Мурза Гапаров досумдун чыгармасынан алынган.
Жазуучунун көрөгөчтүгүн карабайсызбы, тээ 80-жылдары жазылса дагы, кудум бүгүнкүбүздү сүрөттөп койгон. Бул тасманы анын жаркын элесине арнадык. Өлбөс-өчпөс калем сабындагы анын жаратып кеткен чыгармаларын азыркы жаштар жана келечек муун таанып билсин деген өңүттө бир чети анын досу катары, бир чети парз катары көрүп ушул тасманы тарттым.
- «Саманчынын жолу» тасмасына чейрек кылым ашса дагы, элдин сүймөнчүктүү тасмасы болуп келе жаткандыгынын сыры эмнеде?
- Биздин Айтматов мага ишеним көрсөткөндө мен 24 жашта болчумун, «Саманчынын жолу» тасмасы – менин дипломдук ишим. Бирок бул жоопкерчиликти алууда бир топ түйшөлдүм. Себеби, театрларда Орто Азия боюнча «Саманчынын жолу» спектакли популярдуулуктун туу чокусунда эле.
Спектаклде Толгонайды уникалдуу актрисабыз Даркүл Күйүкова ойногон. Бирок Чынгыз Төрөкулович тасмада Толгонайдын образына Бакен Кыдыкееваны тартылсын деп суранды.
Азыр эсимде жок Кыдырназаровбу же Рыскуловбу кантсе да кинопробага Даркүл эжени атагын сыйлап бир тартып кой дешти. Даркүл эже да кинопробадан өттү.
Даркүл эже мага: «Гена, канткен менен Толгонайдын ролуна Бакенди тарт, жаңылбайсын, ал татыктуу» деди. Бул жерде эмнени айткым келди, «алтын доорго» айланган ошол муундун бир-биринин ийгилигине сүйүнө билүүсүн, азыркыдай ичи тардык, көралбастык ныпым жок, чын дилинен кесиптештеринин чыгармачылыгын колдошооруна тан бердим.
Мен өзү массовкада жергиликтүү тургундарды тартууну ошондо эле адатка айландырып алгам. Ошол жылдары согушту көргөн кемпир-чалдар бар экен. Алар мага кеп-кенештерин айтып жатышты. Согуш жылдары мындай арабаларды, орокторду колдонушчу.
Кошокту да мындайча айтчу деп, көп нерселерди үйрөтүштү. Союз өкмөтү массовкага дагы акча бөлүшчү эле. Акча берсек алышпайт, биздин тасмаңа тартылып калганыбыздын өзү эле зор бакыт. Кийин неберелерибиз, чөбөрөлөрүбүз көрүп сыймыктанышат дешчү.
Мына жакында эле бир радиодон сүйлөп жатсам, бир угарман телефон чалат. Алиман төрөгөндө баласынын ыңаалап келген үнү меники деп. Бир чети тан калдык, бир чети сүйүндүк. Ободогу радиоберүү бүткөн соң, сыртка чыксам бир элүүдөн ашып калган жигит турат.
Ал: «Геннадий ага, сиз мени тааныбайсыз, раматылык апам төрөгөндө чыныгы баланын үнү болсун деп үн режиссёруңуз менин доошумду жаздырып алган экен.
Ошол тасма болгон сайын ошол жерин күтө берем, миңдеген балдардын арасынан менин доошумдун жазылып калышы тагдырдын чоң белеги болду» деп экөөбүз кучакташып сүрөткө түштүк, кочкорлук жигит ошентип ыраазычылыгын билдирип кетти.
- «Көчө» тасмаңыз дагы кайталангыс тасмага айланып калды. Жалаң корифейлердин топтому болгон экен…
- Ошол эмгектеримди сүйүнүч менен эскерип калам. Мен ал кезде 30 жашта элем. Чындыгында эле не деген корифейлер, кыргыздын каймактары чогулбады дейсиң?! М. Рыскулов, С. Күмүшалиева, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, А. Жангорозова, Н. Борбиев, Ч. Думанаев жана башкалар. Мурза Гапаровдун чыгармасынан алынган эле.
Мурза дагы биз менен чогуу жүрдү. Токтогулдун Көтөрмө айылынан тартканбыз. Массовка карапайым калк абдан жардам беришти. Тангөрү…залкарлар бир чогулуп калган экен да. Тартылчу топтун чогулуусу ар бир күнү майрам эле.
Кээде сценарийдеги сөздөр калып кетип эле, актёр, актрисалар өздөрү импровизация кылса, ошол деле тасмага көрк кошуп жатты. Ошол эле Жумадыловдун «дакан корозу», Борбиевдин мактанычы, Думанаевдин келишимдүүлүгү…
Дасыккан актёр, актрисалар топтому өздөрү аткарып дагы, ошол тасмада жашап дагы жатышты. Мыкты изденүүлөр, керемет табылгалар менен ушул тасма азыр дагы элдин алкоосуна татып келгени мени жашытпай койбойт. Көбүнүн көзү өтүп кетти…Чоро кечээ эле кыздар суктанган жигит эле, азыр аксакал болуп, мени кууп баратат. Аманчылык болсун!
- Сиздин атыныз туурасында коомчулукта ар кандай божомолдор бар. Бирок чындыкты өз оозунуздан угууга кызыкдармын…
- Мен Ат-Башыда 1942-жылы туулганмын. Атам союз доорунда мамлекеттик кызматта экен эле. Анын орус досу боло турган. Мен төрөлгөн жылы ошол орус досунун учкуч баласынан кара кагаз келген экен. Геннадий деген уулунун урматына менин атым коюлуп калыптыр. Менин апам Зуура аябай токтоо, балдарына мээримдүү эне, жолдошуна сүйкүмдүү зайып болгон. Атамдын мүнөзү чорт эле. Атам апамдан кеп-кенеш сурачу экен. Ата-энем да айылдын кадыр-барктуу үй-бүлөдөн экени менин бактым.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg